Бишкек мэриясы Жеңиш күнүн майрамдоо программасын жарыялады

Бишкек мэриясы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 77 жылдыгын майрамдоого карата пландалган иш-чаралар тууралуу маалымдады.

Расмий кабарга ылайык, 4-майда Дайыр Асанов атындагы сейил багында митинг-реквием, ардагерлерге арналган концерт болот. 5-майда “Жеңиш ырлары” автожүрүшү өтөт.

 

9-майда түштө майрамдык концерт, Жеңиш аянтында түрдүү иш-чаралар болот. Ушул эле күнү салтка айланган “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулат. Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда согушка катышкандардын перзенттери, неберелери жашап жатканын жана аларга бул жүрүшкө тыюу салууга эч кимдин акысы жок экенин айткан.

 

Коргоо министрлиги 9-майда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында аскердик парад болбой турганын билдирген. Коңшу Казакстан менен Өзбекстанда да Жеңиш майрамынын урматына салттуу аскердик параддар өткөрүлбөй турганы жарыяланган.

Кыргызстанда акыркы эки жылда 9-майда параддар жана башка жапырт иш-чаралар коронавирус пандемиясына байланыштуу өткөрүлгөн эмес.