Бишкектеги эски аянтта Айт намазы окулду

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынын эсебинде 2-май күнкү майрамдык намазга болжол менен элүү миңдей киши чогулду. Президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер да майрамдык жөрөлгөгө катышышты.

 

Коомдук коопсуздукка милиция кызматкерлери көз салып турушту.

Мурдагы өкмөт үйүнүн, азыркы президенттик админстрациянын алдындагы эски аянтта 2020-жылга чейин Орозо айт жана Курман айт намаздары миңдеген кишинин катышуусунда окулуп келген. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы жапырт намазга тыюу салынып, мечиттерде санитардык талаптарды сактоо менен окулган.

 

Аянттан тышкары, жарандар Бишкектеги чоң мечиттерге, башка шаар-кыштактардагы мечиттерге намазга барышты.

Ислам дининдеги бир айлык ыйык орозо айын жыйынтыктаган Айт майрамы 2-майга туш келди. Бул күн дүйнөнүн миллиондогон мусулмандары үчүн чоң майрам саналат.