Балыкчы – Барскоон унаа жолун куруу иштери уланууда

Балыкчы – Барскоон унаа жолун куруу иштери уланууда.

Кеп, тилкенин Балыкчыдагы шакекчеден Кара-Шаар айылына

чейинки 25 чакырымы тууралуу болуп жатат. Иштер 90 пайызга аяктады.

Учурда жол менен бирге көпүрө жана түтүктөрдү куруу иштери жүрүп жатат.

Долбоордун биринчи этабын ишке ашырууга 798 миң доллар багытталат.

Иштердин аякташы менен 4 тилкелүү эл аралык маанидеги жол болот.

Жалпысынан Балыкчы – Барскоон унаа жолунун 141 чакырымын

калыбына келирүү пландалган.