Бишкек-Ош унаа жолунда чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Мындай чара Ала-Бел ашуусуна калың кар түшкөнүнө байланыштуу кабыл алынды.
Жол инспекторлору коопсуздукту сактоо максатында «Арал» постунан жүк ташыган унааларды өткөрбөй жатат.
Андан тышкары, жеңил унаалар дагы токтотулуп, дөңгөлөк үчүн чынжырлардын бар-жогу текшерилүүдө. Жолчулар трассаны кардан тынбай тазалап жатат.