Бишкек – Кара-Балта жолун куруу иштери болжолдуу түрдө кийинки жылдын июль айында аягына чыгат

Бишкек – Кара-Балта жолун куруу иштери болжолдуу түрдө кийинки жылдын июль айында аягына чыгат.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин адиси Султан Сарбагышев билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын апрель айында жергиликтүү тургундардын

нааразычылыктарынан улам трассада иштер токтотулган.

Ошондой эле эпидемиологиялык абал да таасирин тийгизди.

Эми жолду пайдаланууга берүүнүн мөөнөтү болжолдуу түрдө 8 айга узарат.