Балыкчы — Каракол унаа жолун реконструкциялоо үчүн Араб өлкөлөрүнөн дээрлик насыя алынат

Балыкчы — Каракол унаа жолун реконструкциялоо үчүн Араб өлкөлөрүнөн дээрлик

116 миллион доллар насыя алынат. Кредиттик келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам

долбоору парламентте каралды. Муну менен Корумдудан Балбай Баатыр айылына чейинки

80,5 чакырым жолду оңдоо пландалууда. Салына турган жол долбоор боюнча төрт тилке

менен жүрүүгө ылайыкталган эл аралык маанидеги болушу керек. Тротуар, аялдама,

суу куурлары, арык лотоктору, жарык берүүчү лампаларды коюу, көпүрөлөрдү

кеңейтүү жана веложолчо салуу да камтылды