Кыргыз-казак чек арасынын Ысык-Көл облусундагы “Каркыра – унаа жолу” өткөрүү түйүнү
качан ачылары белгисиз. Аны ачуу чечимин Республикалык штаб кабыл атат. Бул тууралуу
novosti.kgге Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей,
учурда түйүндүн инфраструктурасы жакшыртылууда. Санитардык-карантиндик түйүн
орнотулуп жатат. Мындан тышкары медицина кызматкерлеринин нөөмөтү да уюштурулат.
Эске салсак, “Каркыра-унаа жолу” бекети жайында гана ачылат.