БШК референдумга даярдануу жана аны өткөрүү боюнча календардык план бекитти. Комиссиядан билдиришкендей, ага анча чоң эмес өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Бирок негизги баскычтар макулдашылды.
Алсак, референдум катышуучуларынын тизмесине өзгөртүүлөрдү 26-декабрга чейин киргизүүгө болот. Ал эми шайлоо дарегин 10-январда Кыргызстандын аймагында эмес, башка жерде жүргөн жарандар гана өзгөртө алат. Эске салсак, референдумда мамлекеттик башкаруу формасын тандоо укугу берилет – президенттик же парламенттик. Ошондой эле “баарына каршы” деген тандоо дагы болот.