Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия дагы 21 эл аралык байкоочуну каттоодон өткөрдү.
Ушуну менен жалпысынан 78 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү. Алар 19 өлкөнүн жана 9 эл аралык уюмдун өкүлдөрү.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турчу президенттик шайлоо 10-январга белгиленди.
Ага катар ушул эле датада референдум өткөрүү дайындалды