Бишкек – Ош трассасында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген чектөө күчүндө.
Бирок кечки саат 8ден таңкы 6га чейин гана, -дешти novosti.kgге Чүй облустук жол кыймылынын
коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан. Мындай чара жол кырсыктарын алдын алуу максатында
киргизилди жана ал аба-ырайы турукташканга чейин сакталат. Милициядан белгилешкендей,
мындай чектөөлөр жыл сайын аба-ырайынын шарттарынан улам күн жылыганга чейин киргизилет.
Тоолуу аймактарга жолго чыккан айдоочулар жайкы шиналарын кышкыга алмаштырып,
унаада тайгакка каршы чынжыры болушу керек.