Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу жанданды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов маалымдады.
Анын айтымында, 1-майдан баштап ишмердүүлүгүнө уруксат берилген ишканалардын ичинде жол курулушчулары да бар. Андыктан, 2-майдан тарта иш башталды.
Буга чейин өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген альтернативалык жолун 2023-жылы пайдаланууга берүү пландалып жаткан. Дээрлик 500 миллион долларды чапчыган трассанын жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт.