Бишкек-Ош жолунда буга чейин киргизилген чектөөлөр алынды. Учурда “Сосновка” түйүнү аркылуу унаалардын бардык түрү эч тоскоолдуксуз өтүп жатат. Убактылуу чектөө аталган трассанын 143-чакырымында жол тайгак болуп, тыгындар жаралганына байланыштуу киргизилген.
Куткаруучулар бир нече тилкеде нөөмөттө турушат. Айдоочуларга этият болуу сунушталат.