Ош шаарынын Мээркан айылынын жолу оңдолот

Ош шаарынын Мээркан айылынын жолу оңдолот.

Мэриянын маалыматына ылайык, узундугу 1 чакырымдан ашык тилке

асфальтталып, көчө жарыктандырылат. Учурда ирригациялык лотоктор орнотулуп,

жол курулуш иштерине даярдалды. Тилкенин бир тарабында тротуар да пайда болот.

Муну менен катар айылдагы мектепке барчу жол асфальтталат.

Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт.