Кочкор-Атада “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирди. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Аталган калаада кыймыл эң көп болгон 16 кесилишке 106 камера коюлду. Электр жарыгы жок эле 6 саатка чейин иштеген камералар үч режимде иштейт: күндүзгү жана түнкү съемка, унаалардын мамлекеттик номурларын каттоо.
Кочкор-Ата мэриясы “Коопсуз шаар” долбоору үчүн июлда 7,7 миллион сомго тендер жарыялаган, каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.