Өлкө аймагында болгон катуу шамалдын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат

Өлкө аймагында болгон катуу шамалдын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 22-декабрда Чоң-Алай районунда ылдамдыгы секундасына 22-28 метрге жеткен шамал катталып, айрым айылдарда мектеп, Маданият үйү, турак үйлөрдүн жалпы аянты 689 чарчы метрлик чатырын учуруп кетти.

 

Алайда катуу шамалдан алты үй жабыркады. Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда 80дей үйдүн чатыры талкаланды.

 

Тиешелүү мекемелер комиссия түзүп, жеринде тактоо иштери жүрүп жатат.