Бишкек-Ош жолунда кар көчкүдөн сактоочу объекттин курулушу уланууда.
Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө жалпы курулуш иштеринин 85 пайызы аяктады.
Кышкысын коопсуз өтүү үчүн коридордун узундугу 460 метр, туурасы 7 метр болот деп күтүлүүдө.
Объектти жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.