Баткен облусунун Лейлек районунда кичи ГЭС курулат.
Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен такташкандай, анын кубаттуулугу дээрлик 6 мегаватты түзөт.
Жылдык өндүрүшү 26,3 миллион киловатт-саат болот.
Анын эсебинен Баткен облусунун электр энергиясына болгон муктаждыгынын 3,5 пайыздан ашыгын жабууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, жаңы жумуш орундары пайда болот.
Курулуш иштери март айында башталган объект 2023-жылы бүткөрүлөт.
Аталган ГЭСке кыргыз-россия өнүктүрүү фонду 5 миллион 600 миң доллар жеңилдетилген насыя бөлдү.