Каракол шаарында жаңы мал базар ачылды.
Президенттин Ысык-Кол облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, мал базарда бодо мал жана майда жандыктар үчүн атайын үстү тосулган жайлар даярдалган.
Мындан сырткары, базардын аймагында ветеринардык клиника, ветеринардык дарыкана да иштейт.
Аянты 6 гектар жерди ээлеген мал базар алгачкы айларда элге акысыз кызмат көрсөтөт.