Оштун Куршаб айылына жогорку чыңалуудагу көмөкчү станция салынат

Оштун Куршаб айылына жогорку чыңалуудагу көмөкчү станция салынат.

Бул тууралуу novosti.kgге энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган объекттердин курулушуна капсула салынды.

Анын кубаттуулугу 220 киловольт болот жана болжолу 1,5 миллиард сом сарпталат.

Өлкөнүн алгачкы премьер-министри Насирдин Исановдун ысымы ыйгарылган көмөкчү станция Ош жана Жалал-Абад облустарынын электр энергиясы менен камсыздалышынын натыйжалуулугун арттырат.

Курулуш кийинки жылы аяктайт.