Кыргызстан 4 ГЭСти модернизациялоо менен эксплуатациялык чыгымдарды 50 пайызга азайтууну көздөөдө

Кыргызстан 4 ГЭСти модернизациялоо менен эксплуатациялык чыгымдарды 50 пайызга азайтып, станциялардын пайдалануу мөөнөтүн 35-40 жылга узартып, кубаттуулукту 3,2 мегаватка көбөйтүүнү пландоодо.

Бул тууралуу бизге “Чакан ГЭС” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, станциялардын суу агымын натыйжалуу пайдалануунун эсебинен электр энергиясын иштеп чыгуунун кошумча 20 пайызга өсүшү күтүлөт.

Белгилеп кетсек, “Чакан ГЭС” ишканасынын курамындагы 4 гидроэлектростанцияны модернизациялоо боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен алдын ала каржылоо макулдашылды.

Долбоорго болжол менен 18,5 миллион евро керектелет.