Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар күрткүсү жаралып жана муз тоңушу мүмкүн.

Мындай кооптуу абал алдыдагы үч күн бою сакталат.

Айдоочулар бул тилкелерден өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы керек.