Бишкекте дезинфекциялоочу туннелдер орнотулуп жатат. Мэриядан билдиришкендей, эки кабина Республикалык инфекциялык ооруканасында пайда болду. Бири жарандарга ылайыкталса, экинчисинен унаалар жана Тез жардам кызматы өтүшү керек.
Жабдуулар саатына орточо эсеп менен 1 литр суюктукту талап кылат. Анын курамында этил спирти, суу жана глицерин бар. Унаалар үчүн антисептикке хлор дагы кошулуп жатат. Дезинфекциялоочу туннелдерди Бишкектин жеке ишкерлери жасап, шаар тургундарына белек кылды.