Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, аба-ырайынын шарттарына байланыштуу “Сосновка” жана “Арал” түйүндөрүнөн чоң машинелер өткөрүлбөйт.

 

Учурда Төө-Ашууда катуу шамал менен коштолгон кар жаап жатат.

 

Жеринде жолчулар иштеп, инерттүү материал себилүүдө. Аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин чектөөлөр сакталат, — дешти министрликтен.