Кыргызстанда казинолорду ачуу менен жылына бюджет 2 миллиард сом менен толукталат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады.
Ал белгилегендей, кумарканаларды ачуу менен өлкөдө туризм тармагын дагы өнүктүрсө болот. Казинолорду ачуудагы башкы талап – аларга кыргыз жарандары киргизилбейт.
Бул эреже сакталбаса, компаниянын лицензиясы тартып алынат. Эске салсак, Кыргызстанда 2012-жылы жабылган казинолорду кайра ачуу демилгесин Экономика министрлиги көтөрүп чыкты.