Кыргызстанда айрым азык-түлүктөрдү сыртка чыгарууга чектөө киргизилди.
Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык,
учурда өлкө рыногунда суроо-талап жогору болгон товарлар чет өлкөлөргө экспорттолбош керек.
Бул республикада азык-түлүк жана айрым товарлардын жетишсиздигин жаратпоо максатында.
Муну менен катар учурда ички рынокто өтө мааниге ээ эмес товарлардын сыртка чыгарылышына чектөө жок.