Өлкөдө доллар мурдагы 84 сомдук позициясына кайтууда

Өлкөдө доллар мурдагы 84 сомдук позициясына кайтууда. Учурда коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 84 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра 86 сом,  86 сом 50 тыйынга сатышууда.

 

Муну менен доллар өлкөдө акыркы 2 күндө эле дээрлик 10 сомго арзандады. Эске салсак, соңку бир жылдан бери 84 сом 80 тыйындык көрсөткүчтө туруктуу сакталып келген доллар февралдын аягында кескин кымбаттап баштаган. Буга Украина-Россия ортосундагы куралдуу жаңжал жана андан кийинки кризис себеп болду.