Кыргызстан коронавируска каршы россиялык препараттарды алууга даяр. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев белгилегендей, дары натыйжалуу болушу керек. Дары-дармек менен камсыздоо департаментине россиялык кесиптештер менен бул суроо боюнча байланышуу тапшырмасы берилди.
Белгилеп кетсек, Россия окумуштуулары COVID-19 вирусун айыктыра турган дары ойлоп таап, учурда аны бейтаптарда изилдеп жатат.