Кыргызстанда коронавирустан дагы 558 адам айыкты.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 226, Ошто 146, Чүйдө 101, Таласта 12, Ысык-Көлдө 25, Жалал-Абадда 21, Баткенде 21 бейтап ооруканадан чыгарылды.
Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 109 миң 511 адам коронавирусту жеңди.