Франциянын ПСЖ клубунун инстаграм баракчасында катталуучулардын саны кескин көбөйдү. Лионель Месси клубга өткөндөн кийин анын расмий баракчасына 5 миллиондон ашык адам катталды.
Августта катталуучулардын саны жалпысынан 6 миллионго көбөйдү. Бул баракча үчүн абсолюттук көрсөткүч. Эске салсак, Мессинин Париж клубуна өтүп жаткандыгы тууралуу 10-августта белгилүү болду.