Нариман Тюлеев кайрадан Бишкек мэриясына кайтып келди.
Бул ирет биринчи вице-мэр кызматында. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду.
Буга чейин бул кызматты аркалаган Алмаз Бакетаев эми турак-жай – коммуналдык тармагын көзөмөлдөйт. Өз кезегинде Алимбек Абдылбаев мэрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Эске салсак, Нариман Тюлеев 2008-10-жылдары Бишкектин мэри болуп, кийин коррупцияга айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган.