Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы төрагасы болуп Акын Мамбеталиев дайындалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы төрагасы болуп Акын Мамбеталиев дайындалды. Жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 34 жаштагы Мамбеталиев буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

 

Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алмаз Мамбетов өкмөт башчынын буйругу менен кызматынан бошотулган.