“Бишкек-Сити” борборун куруу үчүн мамлекеттик дирекция түзүлөт

“Бишкек-Сити” борборун куруу үчүн мамлекеттик дирекция түзүлөт.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Уюштуруу иштери менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алектенет.

Долбоор ордо калааны көрктөндүрүү, инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүү,

шаардын туристтик дараметин жогорулатууну көздөйт. Анын оротосунда

«Бишкек сити» борбору кайсы жерге жана качан курулары, ошондой эле

долбоорду ишке ашыруунун каржылоо булагы так көрсөтүлгөн жок.