БШК эки жуманын ичинде кайра өтө турган парламенттик шайлоонун күнүн белгилеши керек

БШК эки жуманын ичинде кайра өтө турган парламенттик шайлоонун күнүн белгилеши керек.

Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Ал түшүндүргөндөй, комиссия парламенттик шайлоону 60 күндүн аралыгында өткөрүшү керек болот.

Эске салсак, бүгүн борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун

жыйынтыктарын жокко чыгарды. Эми чечим БШК мүчөлөрүнүн кароосуна жөнөтүлөт.

Андан кийин акыркы чечим кабыл алынат