Ошто кикбокс боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү

Ошто КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна арналган

спорттун кикбоксинг түрү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн

басма сөз кызматы билдирет. Аталган мелдешке Казакстан, Өзбекстандын курама

командалары жана Кыргызстандан 350гө жакын спортчу катышты. Иш-чарада

Ош облусунун башчысы сөз сүйлөп, спорт тармагын колдоого алуу керектигин айтты.

“Спорттун бардык түрүн, анын ичинде кикбоксингди өнүктүрүүгө шарт түзүшүбүз керек.

Анткени 2024-жылы өтүүчү жайкы олимпиада оюндарына Кикбоксинг да кирүүсү күтүлүүдө.

Ошондуктан азыртан биз кикбоксчуларга колдоо көрсөтсөк, олимпиада оюндарында ийгилик

жаратат деп ойлойм”, — деди Зиядин Жамалдинов Мелдешке 7 жаштан 40 жашка чейинки

спортчулар катышты. Турнирдин алкагында төрт профицианалдуу беттеш өткөрүлүп,

жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшрылды.