Бишкек троллейбус башкармалыгынын бардык кызматкерлеринин айлыгы  40 пайызга көбөйөт

Бишкек троллейбус башкармалыгынын бардык кызматкерлеринин айлыгы  40 пайызга көбөйөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Айлык көтөрүлгөндөн кийин айдоочулар орточо эсеп менен 25 миң сомдон алып баштайт.

 

Мындай чечим айдоочулардын, техникалык кызматкерлердин графиги менен иш көлөмүнө жасалган мониторингден кийин чыгарылды, — дешти муниципалитеттен.