Сокулук районунун Ново-Павловка айылында жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

Сокулук районунун Ново-Павловка айылында жаңы калкты тейлөө борбору ачылды. Ал заманбап жабдуулар менен, ынгайлуу күтүү залы менен, сурап-билүү бөлүмү менен камсыздалды.

 

Андан тышкары, борбордо электрондук кезек системасы жана видео байкоо камералар орнотулду. Белгилеп кетсек, бул райондогу экинчи калкты тейлөө борбору. Ал күнүнө 250 жаранга мамлекеттик кызматты көрсөтөт.