Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча макулдашуу жетишилди

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча макулдашуу жетишилди. Президент администрациясынан билдиришкендей, эл аралык документке Самарканд шаарында өтүп жаткан саммиттин алкагында кол коюлду.

 

Ага ылайык, темир жол биздин өлкө аркылуу Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад каттамы менен өтөт.

 

Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси 2023-жылдын  1-июнуна чейин аякташы керек. Үч мамлекет аны даярдоодогу чыгымдарды тең бөлүшүп, иштерди биргеликте жүргүзөт. Аталган темир жолдун курулушу менен Кытайдан Кыргызстанга, андан кийин Борбор Азия, Евробирикме өлкөлөрүнө жана Түркияга товар ташуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.