Өлкөнүн айрым аймактарындагы өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылат.
Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды.
Анда Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда
10-майга чейин өзгөчө абалды узартуу керектиги белгиленди.
Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп,
өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат. Белгилеп кетсек,
республикада өзгөчө абал 30-апрелде соңуна чыкмак болчу.