Кыргызстанда кайрадан чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.
Эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу саламаттыкты
сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында,
жарандар санитардык-гигиеналык талаптарды сактабай жатат. Беткапты тагынбай,
аралыкты сактабай жатканын көрүүгө болот. Коомдук транспорттор да жүргүнчүлөрдү
толтуруп салууда, — деди Үсөнбаев. Белгилеп кетсек, буга чейин оору
жуктургандар коомдук унааларда жана базарларда болгонун билдиришкен.