Бишкекте 1-июнга карата 3 миң 112 бала мэриядан материалдык жардам алат.
Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан novosti.kgге билдиришти.
Тизмеде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана социалдык колдоого муктаж балдар бар.
Алардын ар бирине 500 сомдон берүү пландалды. Кошумчаласак, ордо калаада
балдарды коргоо күнүнө карата бардык массалык иш-чараларга тыюу салынды.