Кочкор районундагы Кош-Дөбө аймагында суу каналдарынын курулушу жанданды

Кочкор районундагы Кош-Дөбө аймагында суу каналдарынын курулушу жанданды.

“Турмуш” басылмасы билдиргендей, жалпысынан 250 чакырымды түзгөн каналдар, арыктар жана

суу дарбазалары оңдолот. Учурда эскилиги жеткен бетон курулуштар алынып, анын ордуна

жаңылары куюлууда. Жумуштарга 17 техника жана 30 кызматкер тартылды. Канал ушул күз

айларында пайдаланууга берилип калат. Долбоордун жалпы суммасы 54,5 миллион сомду түзөт.

Каражат мамлекет жана жергиликтүү калк тарабынан берилди.