Бишкекте 12-апрелден тартып бала бакчалар кайрадан жабылып, окуучулар онлайн окууга өтөт.
Мындай тартип ордо калаада эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин күчүндө болот.
Мэриядан белгилешкендей, шайлоо тилкелери жайгашкан 14 бала бакча 8-апрелден тарта жабылат.
Белгилеп кетсек, учурда Бишкекте санитардык көзөмөл күчөтүлүп, чарбалык субъектилер
боюнча мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлдү.