Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө карата 120 борбор уюштурулат.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматына ылайык,
сынак 17-майдан 23үнө чейин өтөт. Негизги жана предметтик тесттин баасы 370 сом.
Учурда абитуриенттерди каттоо жүрүп жатат. Ал ведомствонун
сайтында онлайн форматында 9-апрелге чейин уланат.