Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 100 миллион доллар насыя Кыргызстанга которула элек

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 100 миллион доллар насыя Кыргызстанга которула элек.

Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.  Маалыматка ылайык, фонддон өткөн жылы

Кыргызстанга бөлүнгөн 346 миллион 800 миң доллар коронавирус менен күрөшүүгө багытталган. Белгилеп кетсек,

фонддон бөлүнгөн насыялар ачык бойдон калууда. Акыркы арыз былтыр декабрда тапшырылган. Долбоорду

ишке ашыруу мөөнөтү октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинкиге жылдырылганы айтылган.