Түп районунун Жылуу-Булак айылындагы 60 орундуу бала бакча оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.
Чоң-Таш айыл аймагынын башчысы Сейитбек Абдылдаевдин айтымында,
курулуш иштерине 3 миллион сомго жакын каражат бөлүндү. 2016-жылы имараттын
2 корпусу ашар жолу менен салынганына байланыштуу кышкысын муздак болуп,
жылуулук берүү системасын пайдаланууга мүмкүн болбой келген. Мындан улам
имараттын тышы жылууланып, чатыры алмаштырылып, ички бөлмөлөрү
оңдоп-түзөлдү. Учурда иштердин 90 пайызы аяктады.