Чүй облусунун Озерное айылында жаңы мектеп ачылды

Чүй облусунун Озерное айылында жаңы мектеп ачылды.

 

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, эки кабаттуу билим берүү мекемеси 375 окуучуга эсептелет.

 

Анда окуу класстарынан тышкары, лабораториялык класстар, ашкана, акты жана спорт залдар, медициналык кабинет каралган. Мектеп бардык зарыл жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалды. Белгилеп кетсек, курулуш иштерине 1 миллион 526 миң долларды Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берген.