Бишкекте 23 жаштагы айым такси кызматына акча бергиси келбей, унааны уурдап айдап кетти

Бишкекте 23 жаштагы айым такси кызматына акча бергиси келбей, унааны уурдап айдап кетти. Окуя 27-февралда болгон. Ленин райондук ички иштер башкармалыгына таксинин айдоочусу арыз менен кайрылып, белгисиз аял Ахунбаев-Тыныстанов кесилишине жеткиргенден кийин жол акысын төлөөдөн баш тартканын билдирген.

 

Айдоочу милицияга кайрылуу үчүн машинеден чыкканда, аял “Мазданы” айдап кетип калган. Унаа жакында эле “Ак-Өргө” конушунда табылды. Ал эми аны айдап кеткен аял СИЗОго 2 айга камакка алынды.