Бишкек милициясы чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат

Бишкек милициясы чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат. Ордо калаа ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, чөнтөк уурулугу шылуундар арасында акча табуунун оңой жолу болгондуктан популярдуу.

 

Алардан жапа чегип калбаш үчүн коомдук транспортто, эл көп чогулган жерлерде жана дүкөн-базарларда этият болуу керек.