Мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал бийликти күч менен басып алууга шектелүүдө. Аны менен кошо Бишкекте кечээ өткөн митингдин дагы бир катышуучусу кармалды.

 

Атайын комитеттин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, тергөөнүн жыйынтыгы менен шектелүүчүлөргө карата кылмыш ишин козгоо суроосу чечилет. Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүү уланууда.