Роналду Португалиядагы  өзүнүн мейманканаларын ооруканалар алдына өткөрүп бергени калп болуп чыкты

Роналду Португалиядагы  өзүнүн мейманканаларын ооруканалар алдына өткөрүп бергени калп болуп чыкты. Испаниянын Марса басылмасы кечээ “Ювентустун” чабуулчусу Роналду мейманкаларын оорукана кылууга акысыз тапшырууда деп  жазып чыкса, бүгүн бул маалымат сайттан өчүрүлдү.

 

Журналист Ману Сайнс тастыктагандай, Роналду мейманканаларын бергиси келген эмес. Маалымат чындыкка дал келбейт.